Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий ачылды

Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий ачылды. Анын ачылышы 8-июнда чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды.

 

Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жана башка өлкөлөрдөн тур операторлор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, ишкерлер жана туристтер катышты.