Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү.
Ведомство маалыматына ылайык, абанын температурасы жогорулап жаткандыктан, жакынкы күндөрү тоолуу райондордо жана Бишкек – Ош, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Сары-Таш – Иркештам унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Аталган каттамдар менен сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.