Өзгөн районунда археологиялык казуулардын учурунда миң жылдык кумура табылды. Бийиктиги 175 сантиметр, туурасы 130 сантиметр болгон чоң идиш топурактан жасалган.
Алдын ала маалымат боюнча, ал биздин доорго чейинки VII-IV кылымдарга таандык болушу мүмкүн. Учурда кумура музейге жеткирилип, изилдөө иштери башталды.