Жалал-Абад облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Бүгүн, 9-июнь күнү саат 02:37де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга

жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын күчү Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында

2 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.