Жогорку Кеңештин эки комитети уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-майдагы жыйынында «Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

 

Бир катар депутаттар экологиялык коопсуздукту камсыздоо, калктын ден соолугун коргоо механизмдери жана тартиби тууралуу маселе көтөрүштү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев белгилегендей, мыйзам долбоору кабыл алынса, жер казынасын пайдалануучулар тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо стандарттары киргизилип, зыяндуу заттарды чыгарууну азайтуу, жумуш орундарынын коопсуздугун камсыздоо, суу жана топурак ресурстарына жол берилген таасир этүү боюнча ченемдер сакталат.

 

Ал эми 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу сунушталган.

 

Кыргызстан боюнча эки кен казуу жайы мамлекеттик баланска кирген. Алардын бири Таш-Булак кенинде 3,5 миң тонна уран, 10 миң тоннадай торийдин көлөмү бар.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин айткан.