Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн жолдун бул бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

 

Ошол эле учурда Медеров менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде иш уланууда. Оңдоо жумуштары график боюнча, кечиктирбестен жүрүп жатат.

 

Реконструкциялоо август айынын аягына чейин толук бүтүшү керек.