Жыл башынан бери сел сууларына байланышкан 250дөй өзгөчө кырдаал катталды

Жыл башынан бери Кыргызстанда сел сууларына байланышкан 250дөй өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85%га көп. 2023-жылы сел суулары менен байланышкан 36 өзгөчө кырдаал катталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.