Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетип, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды.

 

Курманкул Зулушев бул орунга 19-апрелде келген. Ал июнь айынын башында башкы прокурор кызматынан да кеткен.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

 

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

2023-жылдын 13-августунан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келет.