1-июлдан тартып көзөмөл-кассалык машиналар жаңы стандарттар боюнча колдонулат

1-июлдан тартып көзөмөл-кассалык машиналар жаңы стандарттар боюнча колдонулат.

Мамлекеттик салык кызматынан эскертишкендей, ККМдин фискалдык маалыматтарды

реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Жаңы стандаттар Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында патенттик негизде иштеп

жаткан товарларды сатуу жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү. Жаңы стандарттарга

жооп бербеген ККМ аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат

системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъектилер административдик айыпка тартылат.