Ошто жарык өчөт

Ош облусунун айрым аймактарында үч күн электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан билдиришти. 19-21-июнь күндөрү пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт. 19-июнь күнү:   Кара-Суу районунун Фуркат айылы; Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтү; Ноокат районунун… Кененирээк…

Малга сайылчу дары-дармекти көзөмөлдөгөн электрондук программа иштелип чыкты

Кыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди көзөмөлдөй турчу электрондук программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.   Ага ылайык, электрондук программа министрликтин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик… Кененирээк…

Таласта унаа тейлөөчү борбор ачылды

Таласта унаа тейлөөчү борбор ачылды.   Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, бул жерде ачык терезе системасы менен 5 оператор кызмат көрсөтөт. Андан тышкары, айдоочу күбөлүгүнө экзамен кабыл алууга өзүнчө зал каралган.   Андан тышкары, төлөмдөрдү кабыл алууга касса, электрондук кезек системасы бар. Учурга карата унаа тейлөөчү… Кененирээк…

Нарында жаңы инфекциялык оорукана ачылды

Нарында жаңы инфекциялык оорукана ачылды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, медициналык жай 70 орунга эсептелген. Ооруканага   3,5 миллион сомго медициналык жабдуулар сатылып алынды.   Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 79 миллион сом багытталды. Оорукананын курулушу өткөн жылы башталган.

Бишкек мэриясы коомдук транспортто санитардык көзөмөлдү күчөттү

Бишкек мэриясы коомдук транспортто санитардык көзөмөлдү күчөттү. Атайын топтор түзүлүп, алар рейддерди жүргүзүүдө. Курамына мэриянын, Кайгуул милициянын, транспорттук жана эпидемиологиялык инспекциялардын өкүлдөрү бар.   Алар эл эң көп чогулган аялдамаларда санитардык талаптарды сактоо керектигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип бузуучуларга алгач эскертүү берилет, андан кийин административдик… Кененирээк…

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 15 курал-жарак табылды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 15 курал-жарак табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Маалыматка караганда, аталган облустун аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды, ок-дармектерди, жарылуучу заттарды жана каражаттарды алуу максатында, ошондой эле куралдар менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу үчүн «Арсенал» аталышындагы операция болуп өттү.   «10… Кененирээк…

Россиядан келген вакцина калктын айрым катмарына гана жеткиликтүү

17-июнда өлкөгө Россиянын «Cпутник V» вакцинасы алып келинди. Аталган вакцинаны 65 жаштан жогорку курактагылар, ошондой эле өнөкөт оорусу барлар гана ала алышат. Бул туурасында Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты. Вакцина Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жеткиликтүү. COVID-19га каршы эмдөө үй-бүлөлүк… Кененирээк…

Коронавирус илдетинен 404 адам сакайып чыкты

Коронавирус илдетинен 404 адам сакайып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 404. Анын ичинде Бишкек шаары – 175, Ош шаары – 46, Чүй… Кененирээк…