Өзбекстанда калк вакцина алууга милдеттендирилди

Өзбекстандын парламенти вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу 27-июлда вице-спикер Алишер Кадыров билдирди. «Мындан ары эч кандай олуттуу себеби жок эмделүүдөн баш тарткан кызматкерди иштен алууга уруксат берилет», — деп жазды Кадыров өзүнүн «Телеграм-каналында». Ал арада Өзбекстандын президенти… Кененирээк…

Кыргызстанга ачык аба-ырайынын ордуна жаандуу күндөр келет

Кыргызстанга ачык аба-ырайынын ордуна жаандуу күндөр келет. Ордо калаада эртең күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Жаан-чачын жуманын аягына чейин жаайт. Бирок жылуу күндөр сакталат, эртең +27 градус болсо, дем алыш күндөрү +34кө чейин жетет.

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Маалыматка ылайык, гидроэлектрстанциянын кубаттуулугу 30 мегаватт болот жана анын ишке кириши сугат суу системасына таасирин тийгизбейт. Учурда ГЭС курула турган аймакта геодезиялык жумуштар жүрүп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун наркы… Кененирээк…

Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши жылдырылды

Кыргызстанга “AstraZeneca” вакцинасынын 226 миң дозасынын келиши жылдырылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактооминистри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, аба каттам учактын бузулуп калганына байланыштуу токтотулду. Препарат бүгүн келмек. Эске салсак, бүгүнкү күнгө карата расмий статистика боюнча вакцинациянын толук курсунан  114 миң адам өттү. Биринчи дозаны 400… Кененирээк…

Бишкектин автобус жана троллейбустарында жол кирени эми Visa картасы аркылуу төлөсө болот.

Бишкектин автобус жана троллейбустарында жол кирени эми Visa картасы аркылуу төлөсө болот. Мэриядан билдиришкендей, бул үчүн, жүргүнчү банктык картасын валидаторго тиркеши керек. Жаңы функция учурда бардык муниципалдык транспорттордо тесттик режимде иштеп жатат. Андан тышкары, жол кире акысын «Тулпар» картасы менен да төлөсө болот.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга Европадан келген туристтердин саны көбөйүп, 1 миллионго жакындады

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанга Европадан келген туристтердин саны көбөйүп, 1 миллионго жакындады. Учурда биздин өлкөгө 67 мамлекеттен туристтер келе алат, — дешти Туризм департаментинен. Саякатчылардын көпчүлүгүнө Борбор Азияны толук кыдырган турлар кызык. Алар бизге Өзбекстан, Казакстан аркылуу келишүүдө. Кыргызстан туристтерге альпинизм, трекинг менен алектенгендерге… Кененирээк…

Бишкекте жолдордун жалпы узундугу 1 миң 680 чакырымды түзөт анын 44 пайызына асфальт төшөлдү

Бишкекте жолдордун жалпы узундугу 1 миң 680 чакырымды түзөт, анын 44 пайызы же 735 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирди. Анын айтымында, ордо калаада 9 көчөдө оңдоо иштери жыйынтыкталды. Дагы 29унда иштер уланууда. Иштерди жүргузүү үчүн ошондой… Кененирээк…

Бразилияда кар жаап, абанын температурасы -8 градуска чейин төмөндөдү

Бразилияда кар жаап, абанын температурасы -8 градуска чейин төмөндөдү. РИА Новости билдиргендей, өлкөнүн эң түштүгүндөгү Риу-Гранди-ду-Сул штатына жана башка дагы 12 аймакка кар жаап, айрымдарында мөндүр түштү. Метеорогдордун айтымында, суук күндөр кийинки жумага чейин сакталат. Башка аймактарга дагы дем алыш күндөрү кар түшүшү күтүлүүдө. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстанда темир жол транспортун тандагандар көбөйдү

Кыргызстанда темир жол транспортун тандагандар көбөйдү. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жарым жылдын ичинде 118 миңден ашык жүргүнчү кыргыз темир жол аркылуу жеткирилди. Бул, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны 46 миңден ашык адамга көбөйдү. Андан тышкары, быйыл жарым жылдыкта 3,4 миллион тонна… Кененирээк…

Бишкектеги калкты тейлөө борборунда убактылуу эмдөө түйүнү ачылды

Бишкектеги калкты тейлөө борборунда убактылуу эмдөө түйүнү ачылды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ковидге каршы вакцина алуу түйүнү Жибек Жолу – Ибраимов көчөлөр кесилишиндеги түйүндө пайда болду. Ошондой эле ордо калаадагы Жаш Гвардия бульварындагы жана Чокон Валиханов көчөсүндө жайгашкан калкты тейлөө борборлорунда дагы убактылуу эмдөө түйүнүн… Кененирээк…