Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Билим берүү министрлигинен такташкандай, мындай чечим Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, Кыргыз улуттук университети, мамлекеттик техникалык университет, агрардык академия, мамлекеттик медициналык академия, Ош мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилет. Ал… Кененирээк…

Ош облусунун ирригациялык системаларын калыбына келтирүүнү Евразия өнүктүрүү банкы каржылайт

Ош облусунун ирригациялык системаларын калыбына келтирүүнү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылайт. Банктын өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каржылоо пакети дээрлик 18 миллион еврону түзөт. Бул акчага курулуш-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөөрү маалымдалды. Натыйжада Араван району сугат суу менен камсыз болот.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кирди

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу ЕАЭБдин приоритеттүү долбоорлорунун тизмесине кирди. Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдиргендей, учурда темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Эске салсак, буга чейин кыргыз бийлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталат деп билдирген. Кошумчаласак, аталган темир жолду куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр киргизилбейт

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантиндик чектөөлөр киргизилбейт. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсүнө ылайык, жыл сайын бир нече толкун аркылуу жайылып кете турган коронавирус илдети менен жашоону үйрөнүү зарыл.