Чолпон-Атада Мухтар Ауэзовдун бюсту ачылды

Чолпон-Ата шаарындагы казак элинин жазуучусу Мухтар Ауэзовдун үй музейинин алдына анын бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, экс-президент Роза Отунбаева жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты… Кененирээк…

Түндүк Гренландияда адаттан тыш ысык аба ырайы муздун тез эришине алып келди

Түндүк Гренландияда адаттан тыш ысык аба ырайы муздун тез эришине алып келди. АКШнын Улуттук кар жана муз маалымат борборунун билдирүүсүнө караганда, 15-июлдан 17-июлга чейин күнүнө 6 миллиард тонна муз эрип кеткен. Илимпоздор ар жайда 2019-жылы болгон рекорддук эрүүнүн кайталануусунан кооптонуп жатышат. Анда 530 миллиард тоннадан… Кененирээк…

Бишкектин Жунусалиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкектин Жунусалиев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Узундугу 800 метр Гагаринден Ахунбаевге чейинки тилкеде жолду тогуз метрге кеңейтүү менен реконструкциялоо иштери аяктады. Тротуарлар, ирригациялык система курулду. Мындан тышкары, жол белгилери да орнотулду. Оңдоп-түзөө Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлдү.

“Бишкексууканал” башкармалыгынын колл-борбору убактылуу иштебейт

“Бишкексууканал” башкармалыгынын колл-борбору убактылуу иштебейт. Мэриядан такташкандай, электр тармактарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу 1533 кыска номери өчүрүлөт. Андыктан, муниципалитет суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 0312 56-03-20 телефону аркылуу байланышууну сунуштайт.

Кыргызстандык эки окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

Кыргызстандык эки окуучу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-18-июль күндөрү мектеп окуучулары арасындагы химия боюнча эл аралык олимпиада онлайн режимде өттү. Ага дүйнөнүн 84 өлкөсүнөн 300дөн ашык мектеп… Кененирээк…

Бишкекте Димитров көчөсүнүн бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкектин Интергельпо — Димитров (Москва көчөсүнүн уландысы) көчөлөрүнүн кесилиши 23-июлдан 24-июлга чейин оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. «Аталган участокто Кытай грантынын каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу Димитров көчөсүнүн бөлүгү Фучиктен Пишпекке чейин (Москва… Кененирээк…

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу аяктады

Чолпон-Атада Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу аяктады. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жоомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов бул келишимге… Кененирээк…

Италиянын курорттук шаарындагы пляждын сыртында жарым жылаңач жүрүүгө тыюу салынды

Италиянын курорттук Сорренто шаарындагы пляждын сыртында жарым жылаңач жүрүүгө тыюу салынды. Тагыраагы, көйнөк же купальник менен да жүрүүгө болбойт. Бул тууралуу жергиликтүү ANSA басылмасы жазып чыкты. Белгиленгендей, эрежени сактабагандарга 25 евродон 500 еврого чейин айып пул салынат. Сорренто шаарынын мэринин айтымында, мындай чечим жарым жылаңач… Кененирээк…

Кыргызстан россиялыктар арасында жайкы эс алуу үчүн эң популярдуу үч өлкөгө кирди

Кыргызстан россиялыктар арасында жайкы эс алуу үчүн эң популярдуу үч өлкөнүн катарына кирди. РИА Новости билдиргендей, туристтик кызматтын адистери 1-июндан 15-июлга чейин колдонуучулардын брондоо маалыматтарын талдап чыгышкан. Ага ылайык, ириде Түркияга каттамдар суроо-талапка ээ болуп чыкты. Бул багыт ар бир бешинчи колдонуучуну кызыктырган. Кыргызстан экинчи… Кененирээк…

Ош улуттук драма театрынын директору кызматынан бошотулду

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын директору Шерали Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка маданият министри кол койду.