Кыргызстанда коронавируска каршы 90 күндүк эмдөө өнөктүгү башталды.
Бул тууралуу илдетке каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19тун эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда.
Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн толук курсун алган республиканын бардык жарандары ала алышат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer вакциналары жетиштүү