Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда кар жаады, буга карабай унаа кыймылы татаалданган жок. Жолчулар кооптуу тилкелерде нөөмөттө туруп, трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдар себилип жатат.

 

Ведомство эскертет, алыскы сапарга чыгууну пландаган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.