Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды.
«Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда.
Ошондой эле, учактар Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатат.
Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу аткарылууда.