2024-жылы Бишкекте 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат

2024-жылы Бишкекте 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканасы чырактарды алмаштыруу менен бирге 120 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зымдарга алмаштырууну көздөөдө.

 

Мындан тышкары, аянттарда жана сейил бактарда жаңы тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жарыктандыруу пландалууда.