Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 23 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Бишкекте 15, Ош шаарында 8 адам ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирустан жалпысынан 637 адам айыкты.