Бишкекте болгон катуу шамал Айни көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учурду.
Мэриянын маалыматына ылайык, жараксыз абалдагы чатырдын аянты 400 чарчы метрди түзөт.
Анын учуп кетишине бекем кадалбаганы себеп болду. Жыйынтыгында 3 унаа жабыр тартты.
Муниципалитеттен эскертишкендей, шамал болгон учурда унааларды жеңил
конструкциялардын, бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.