Коронавирус менен күрөшүүгө катышкан дарыгерлерге 58 миллион 320 миң сом төлөндү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, кенемте январь айы үчүн берилди.
Компенсация саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, дарыгерлерге, медайымдарга, кенже медициналык персоналга, жалпысынан 3600дөн ашык врачка чегерилди.
Белгилеп кетсек, ковидге каршы турууга эң көп Бишкекте –1960тай кызматкер тартылып, аларга 27 миллион 800 сом төлөндү.