«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы 100 тоо транспорт техникасын сатып алуу үчүн тендер жарыялап, компанияларды катышууга чакырды.
Ишканага техника жеткирип берүүнү каалаган компаниялар 26-декабрь саат 9:00гө чейин табыштама жөнөтүшү шарт.
Документ ogzic@mail.ru электрондук дарегине «100 даана тоо транспорт техникасын жеткирүүчү компанияларды тандоо боюнча» деп жазса болот.
Кызыкдар тараптар конкурстун шарттары менен шилтеме аркылуу кирип кенен маалымат ала алат.