Бишкекте 3,5 миңден ашык абонент карыздын айынан жарыксыз калат. Ордо калаанын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү дүйшөмбү күнү жүргүзүлөт.
Ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн абоненттер карыздарды алдын ала төлөшү керек. Муну төлөм терминалдары, ошондой эле “Кыргызпочтасынын” кассасы аркылуу ишке ашырууга болот.