Таластын Бакай-Ата районунда мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси Ынтымак айылында жайгашат.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ал 2 кабаттан туруп, 375 окуучуга чакталат. Имаратта окуу кабинеттеринен тышкары компьютердик класс, спорт зал, ашкана бар. Мектептин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.