Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү майдын аягына карата 3 миллиард 718 миллион доллар деп бааланды.
Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, бир айда сумма 61,7 миллионго өскөн. 2023-жылдын май айына салыштырмалуу резервдер 1 миллиард 310 миллионго көбөйгөн. Бул көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат.
Белгилеп кетсек, май айында Улуттук банк эки жолу чет элдик валюта сатып алган.