Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду кытайлык компания ишке ашырат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө 20-июнга чейин техникалардын сырьесу Кытайдан алынып келинери, уюштуруу иштери жүргүзүлөрү жана июндун аягы менен заводду ишке киргизүү макулдашылды.