Кыргызстанга туристтердин негизги агымы 20-июндан кийин күтүлүүдө. Учурда Ички иштер министрлигинин бардык түзүмдөрү конокторду кабыл алууга даяр.
Беш миңден ашык кызматкер эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкө боюнча 4 миңден ашык камера күнү-түнү иштейт.
Мындан тышкары, Бостери айылындагы пляжда, ошондой эле Балыкчы шаарында “Милиция пункттары” ачылды. Ошондой эле жарандарга жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштеген “102” кабыл алуу пункту жана координациялык “Оперативдүү штаб” түзүлдү.