Сокулук районунда 50дөй үй-бүлө мамлекет менен «Социалдык келишим» түзүп, кичи ишкана ачууга 100 миң сомдук сертификаттарды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 2 миң 575 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекет менен «Социалдык келишимге» кол коюшту.