Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-июнда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.
Ош шаардык соту 11-майда Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-июлга чейин тергөө абагында калтырган. Ош облустук соту 26-апрелде Тилек Матраимовду үй камагына чыгарган.
Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.