Селге байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында чукул кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим селдин материалдык жана экономикалык кесепетин эсептөө жана жоюу үчүн кабыл алынды.
Мекеме 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу бар экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.