Административдик аймактык реформанын алкагында 1,8 млрд сом үнөмдөлдү

Административдик аймактык реформанын алкагында бюджеттен 1 млрд 800 млн сом үнөмдөлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

 

Министр мындан кийинки башка аймактарда жүргүзүлүүчү реформадан да мамлекеттин акчасы үнөмдөлөт деген пикирин билдирди.

 

Эске салсак, Кыргызстанда пилоттук негизде айыл аймактар ирилештирилүүдө. Реформанын негизинде шаарлар кеңейтилип, айыл аймактар 452ден 235ке азая турганы буга чейин маалдымдалган.