Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде гана окулат

Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде гана окулат.

 

Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилеп кетсек, Курман айт быйыл 16-июнь, жекшембиге туура келет. Буга байланыштуу өлкөдө 3 күндүк эс алуу жарыяланды.

 

Бир канча жылдан бери Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген. Быйыл бийлик коопсуздук үчүн жалпылап намаз окууга тыюу салууда.