АКШнын мурдагы президенти Барак Обама Твиттердеги баракчасына өзүнүн телефон номерин жарыялады.
Ал жарандарга кайрылып, алардын иштери тууралуу, президенттик шайлоолордо кимге добуш бере турганын билгиси келгенин жазып, өзүнүн номерин калдырды.
3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда аракеттеги лидер Дональд Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышат.