Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду

Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объект 35/10 кВты түзөт.

 

Дейрес-Сай айылына подстанция куруу маселеси өткөн жылы 15-16-декабрда өткөн II Элдик курултайда көтөрүлгөн.

 

Анын курулушуна «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ААКтын өздүк эсебинен 16 млн сом бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.