Аксыда футбол жана волейбол ойноочу жабык спорттук аянтча ачылды

Бүгүн Аксы районунун Сары-Кашка айылында футбол жана волейбол ойноочу жабык спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, президенттин жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Чыргабаев, Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

 

Спорттук аянтчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Анын жалпы аянты 1296 чарчы метрин түзөт. Объекттин курулушуна 19 млн сомдон ашык каражат сарпталган.