Бүгүн абитуриенттерди кеч тестке каттоо аяктайт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, каттоо ордо калаанын №24 мектебинде жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө жүргүзүлөт.
Тесттин өзү 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.
Белгилеп кетсек, кеч тест негизги жалпы республикалык тестирлөөгө өз учурунда жүйөөлүү себептер менен катталбай калгандар үчүн уюштурулат.