Бүгүн бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылды

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, быйыл аттестаттар электрондук жана кагаз түрүндө да берилди.

 

Ошондой эле абитуриенттердин документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат. Эгер бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын порталдан чыгарып алса болот.

 

Эске салсак, быйыл мектепти 76 миңден көп окуучу аяктады. Ал эми 9-классты бүткөндөрдүн саны 127 миңден ашат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.