Баткенде мунай чыгарган чакан завод ишке кирет

«Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү чакан завод куруп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлады.

 

Анда айтылгандай, учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар аткарылууда. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзүлдү.

 

Завод май айында толук иштеп баштамакчы. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүү сыйымдуулугун арттырып турат. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштетет деген эсеп бар. Ал дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарат. Жалпы 40тай киши иштейт.