Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, учурга карата 60тан ашык үй сел калдыктарынан тазаланды.

 

Жеринде 50дөй техника жана 600дөн ашык адам иштеп жатат. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жарандык коргоо кызматтары, айыл өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бар.

 

Эске салсак, 24-июндагы селден улам Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Учурда Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында, Лейлек районунун Катраң айыл аймагында, Баткен районунун Ак-Татыр жана Кыштут айыл аймактарында табият кырсыгынын зыянын тактоо иштери жүрүүдө.