Баткенде вакуумдук муздаткычы бар муниципалдык кампа курулууда

Баткен районунун Дара айыл аймагында вакуумдук муздаткычы бар муниципалдык кампа курулууда.

 

500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган. Өнөктөш катары KOIKA уюму 10 млн сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом бөлүнгөн.

 

Бул ишкананын курулушун быйыл бүткөрүп, жыл соңуна чейин эки муздаткычын ишке киргизүү пландалууда. Логистикалык борбордун курулушу менен аймактагы дыйкан чарба, айыл чарба кооперативдердин мөмө жемиштерин сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.