Баткен облусунун Чоң-Талаа айылында мектептин окуу корпусу күйүп кетти. 24 агенттигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо бүгүн таңкы саат 6 жарымда катталды. Алдын ала себеп катары – электр зымдарынын кыска чагылышууса аталды.
Корпустун үстүнөн жогорку чыңалуудагы линия өтчү. Жыйынтыгында, райондун ондогон айылынын тургундары жарыксыз калды.