Бир мандаттуу үч округ боюнча бүгүн тилкеден тышкаркы добуш берүү өтөт. Боршайкомдун маалыматына ылайык, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов округдарында мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө 993 арыз келип түшкөн.
БШКдан эске салышкандай, мөөнөтүнө чейин добуш берүү укугуна тилкеге ден-соолугунун абалы, жаш курагы боюнча же башка олуттуу себептер менен келе албай калгандар ээ.
Аталган үч округда Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо эртең, 30-июнда өтөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.