Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданат

14-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданат. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бир ай бою, тагыраагы 14-июлга чейин поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.

 

Поезддин люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом. ВИП вагондо 400-800 сом. Ал эми стандарттуу вагондордо 73 сомдон 150 сомго чейин.