“Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери августта башталат

“Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери августта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.

 

Анын айтымында, кытай тарап келишимди жактырды, кийинки жумада ага кол коюлат. Экинчи фазага 60 көчөнү калыбына келтирүү кирет, иштер 2 жылга созулат. Жаан-чачын башталганга чейин 10 көчөнү ремонттоо пландалып жатат.

 

Экинчи фазаны ишке ашырууга  Кытай 42 миллион доллар грант бөлүп берген.