Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жаңы мектеп ачылды.
Билим берүү мекемеси Дархан айылында жайгашат жана ал
285 окуучуга ылайык, — деп билдиришти райондук администрациядан.
Жаңы мектеп заманбеп стилде салынып, балдардын билим алышы
үчүн бардык шарттар түзүлдү. Имараттын курулушуна 72 миллион
сом жумшалды. Каражат демөөрчүлөр тарабынан берилди.