Бишкек мэриясынан эмне себептен ордо калаада интернет-провайдерлердин кабелдери кесилип жатканын түшүндүрүп беришти.
Шаар бийлиги бардык аба оптоволокно линияларын Бишкек шаардык телефон тармагынын жер алдындагы каналдарына өткөрүү чечимин кабыл алды.
Тиешелүү кызматтар тарабынан интернет-провайдер компанияларына аба линияларын демонтаждоо тууралуу билдирүүлөр эртелеп жөнөтүлгөн. Эске салсак, буга чейин шаар тургундары Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө кабелдер кесилип жатканына арызданышкан.