Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна буга чейин вице-мэр болуп иштеп жаткан Жамалбек Ырсалиев дайындалды.
Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.