Бишкек мэриясынын кирешеси 10 миллиард сомго жогорулады

Бишкек мэриясынын кирешеси 10 миллиард сомго жогорулады.

Негизги үлүш – салык төлөмдөрүнөн, — деп билдирди вице-мэр Алмаз Бакетаев.

Чиновниктин айтымында, каражаттын 50 пайызы салтка айлангандай

социалдык секторду камсыздандырууга багытталат. Ошондой эле билим берүү,

саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармактарына жумшалат.

Белгилеп кетчү нерсе, мындан ары шаардыктар мэрия каражаттарынын чыгашаларына

көз сала алат. Муниципалитеттин сайтында бюджет тууралуу маалыматтар жеткиликтүү.