Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышууну каалаган партиялардан
документтерди кабыл алуу 13-июнь, ушул жекшембиде аяктайт. Бул тууралуу
БШКдан эскертишти. Андан белгилешкендей, бүгүнкү күнгө карата 18 партия
добуш берүүгө катышуу ниетин билдирип, алар каттоого алынды. Ал эми
үгүттөө өнөктүгү 21-июнда старт алат, ал 10-июлга чейин созулат.
Кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Эске салсак, 11-апрелдеги шайлоодо
бир катар мыйзам бузуулардан улам Бишкек, Ош жана
Токмок шаардык кеңештердин жыйынтыгы жокко чыгарылган.