Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 6 миллион сомдош ашык жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 6 миллион сомдош ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилүүдө.

 

Учурга карата долбоордун алкагында 44 каржылоо субъекттерине 6 миллион 180 миң сом берилди. Насыялоонун жалпы көлөмү 1 миллиард сомду түзөт.