Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы министрлер кабинетинин чечими менен ордо калаа мэриясына өткөрүлдү

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы министрлер кабинетинин чечими менен ордо калаа мэриясына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Энергетика тармагында бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында муниципалитеттин структурасында Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Ага  Бишкектин жылуулук-газ-энергокамсыздоо тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу фунциялар жүктөлдү.